“Борбор Азия жана коңшу мамлекеттерде ВИЧ эпидемиясын алдын алуу жана көзөмөлдөөнүн ыкмалары”. Мына ушундай аталыштагы конференция бүгүн Бишкекте өтөт. АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигининен билдиришкендей, катышуучулар чөлкөмдө жана коңшу малекеттерде, Ооганстан, Орусия жана Кытыйда ВИЧ инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал жана ага каршы жоопту чараларды көрүү маселесин талкууга алышат. Жыйынга саламаттык сактоонун 250 дөн ашуун адиси, АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча борборунун эксперттери, өкмөт мүчөлөрү, АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана башкалар катышат. (MSu)
08:50 Борбор Азияда ВИЧ инфекциясынын эпидемиясына байланыштуу абал бүгүн Бишкекте талкууланат