Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Грузияда оппозиялык партиядан 6 депутат парламенттин ичинде ачкачылык акциясын баштады


Оппозицилык “Жаңы оңчулдар” фракциясынын мүчөлөрү нааразылык чарасын жекшембиде парламенттин маңдайында президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгуу талабы менен ачкачылык уюштурган бириккен оппозицияга тилектештик катары өткөрүп жаткандыгын билдиришти. Ачкачылык кармагандар президент Михаил Саакашвилини 5-январдагы шайлоодогу жеңишке добуштарды бурмалоо менен жетишти деп айыпташып, шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын кайра карап чыгууну, эки айдын ичинде парламенттик шайлооону акыйкат өткөрүүнү жана ноябрдагы кагылышууларда камакка алынгандарды боштондукка чыгарууну талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG