Бүгүн Бишкекте башталган “Борбор Азиядагы ВИЧ эпидемиясы, илдетти көзөмөлдөө жана аны алдын алуудагы проблемалар” деген жыйын 13-мартка чейин уланат. Тегерек столдо ВИЧ инфекциясынын тегерегиндеги көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланат. Жыйынга коңшу өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлери, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович, жоон топ эл аралык эксперттер катышууда. (AiJu)