Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

11:30 Министр Конгантиев МАИнин ишин жакшыртууну көздөөдө


ИИМ маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча министр Молдомуса Конгантиев акыркы убактарда жол кырсыгынын киши өлүмү менен коштолуп көбөйүп бараткандыгына тынчсыздануусун билдирген. Ал бир жума ичинде 11 кишинин өмүрүн алып кеткен 14 жол кырсыгынын болуусуна жол берген Сузак МАИБнын, Жалалабат ИИБнын жетекчилерине катуу эскертүү берилерин белгилеп, МАИ кызматкерлерин өз ишин так билүүгө, эрежелерди кармоого чакырды. Анын көрсөтмөсү боюнча МАИ кызматкерлери ала таяк менен жол кесилиштериндеги кыймылды жөнгө салууну билүүлөрү зарыл, бул үчүн атайын окуу-семинарлар уюштурулмак болду. Өткөн жылы 4 миңге жакын жол кырсыгы катталып, беш миңден ашуун адам жаракат алган. Ал эми миңден ашуун киши өмүрү менен кош айтышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG