Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

15:45 Аксы окуясынын алдында ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана атайын каражаттар элүүгө жакын милиция кызматкерлерине берилген


2002-жылдын 17-мартында Аксы райондук ички иштер бөлүмүндө сакталып турган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана атайын каражаттарды Аксы РИИБнүн 36 кызматкери, Алабука РИИБнүн 2 кызматкери, Жалалабат ИИБнын 10, Сузак РИИБнүн 6 кызматкери алышкан. Бул каражаттардын ичинде Макаров пистолети, АКС 74, АКМ үлгүлөрүндөгү автоматтар, көздөн жаш агызуучу заттар болгон. Ал эми 18-март күнү ок атуучу куралдар Аксы РИИБнүн 13, Сузак РИИБнүн 12, Ноокен РИИБнүн 8, Алабука РИИБнүн 7, Базаркоргон РИИБнүн 8 кызматкерине, Жалалабат ИИБ жана ШИИБнын 15 кызматкерине берилген. Мындай маалыматты “Азаттыкка” кабарлаган аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков иш жүзүндө мындан да көп курал-жарак берилген, деп эсептейт. Ал эми Аксы окуясына күнөөлүү деп айыпталгандардын бири, Жалалабат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаевдин ошол кездеги ИИМ министри Темирбек Акматалиевге жазган докладында 17-мартта Бозпиекте 68 ОМОН кызматкери болгон, аларга 14 автомат, 7 пистолет жана 28 атайын каражат берилген, деп жазылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG