Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:51

16:00 Мектеп ашканаларын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлдү


Бул тууралуу буйрукка илим жана билим берүү министри Ишенгүл Болжурова кол койду. Министрликтин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия мүчөлөрү бүгүнтөн тарта мектеп ашканаларынын санитардык абалын, анда даярдалган тамак-аштардын сапатын, азык-түлүк сакталуучу жайларды, окуучуларга күнүмдүк берилүүчү тамак-аштын түрлөрүн ж.б. текшерүү үчүн жер-жерлерге чыгып кетишти. Мындан тышкары комиссиянын ишине көмөктөшүүгө жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери да тартылып, ашкана кызматкерлеринин санитардык китепчелери, ден соолугу текшерүүгө алынат, деп кабарлайт Илим жана билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы. Белгилүү болгондой февраль жана март айларында Майлысуудагы орто мектептин окуучулары жана Бишкектеги балдар бакчасынын тарбиялануучулары тамак-аштан ууланышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG