Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

16:55 “Айыл банкын” менчиктештирүүнү ЖКтин дагы бир комитети колдоого алды


Аймактык өнүктүрүү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу комитети бүгүнкү отурумунда “Айыл банкын” менчиктештирүү тууралуу өкмөттүн демилгесин колдоду. Комитет мүчөлөрү банкка тиешелүү баалуу кагаздардын 67% сатыкка коюлушуна макулдугун беришти. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлаганы боюнча “Айыл банкын” менчиктештирүүгө парламенттин Өнөр жай, ишкердик, курулуш жана транспорт комитети макулдугун берген. Ал эми банкты менчикке сатууга Коммунисттер фракциясы каршы чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG