Шаардык санэпидем станциянын башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиевдин айтымында, «Светличок» бала бакчасында массалык уулануу тамак жасоонун эрежелери сакталбагандыгынан болду. Стафилакок вирусу балдарга бышкан эттен жукканы аныкталды. Ушул жылдын 3- мартында «Светлячок» бала бакчасында 11 бала ууланып, ооруканага жеткирилген. Учурда балдардын саламаттыгы жакшы болуп калганы кабарланууда. (MSu)