Анда Орусия 2007-жылы адам укуктары бузулган өлкөлөрдүн катарына кирди. Буга чейин адам укугуна байланыштуу абал эң начар деп тизмеге кирген Кытай бул ирээт бул тизмеден чыгарылды. Анткен менен документте белгиленгендей, Кытайда адам укугу боюнча абал начар бойдон калууда. Адам укуктары одоно бузулуп жаткан мамлекеттердин тизмесине Ооганстан, Пакистан, Иран, Түндүк Корея жана бир катар Борбор Азия мамлекеттери кирди.