Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

12:55 Орусияда кыргыз жараны өлтүрүлдү


8-март күнү Москва облусундагы Ступино шаарында Рустам Кыргызбаевге беш адам кол салып, бычактап өлтүрүп салышкан. Бул туурасында “Кыргыз биримдиги” мекендештер кошуунунун жетекчиси Абдыганы Шакиров билдирди. Анын айтымында, учурда кол салгандардын үчөө милиция кызматкерлери тарабынан кармалды, дагы экөө издөөгө алынды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалыматты тастыктады. Учурда Рустам Кыргызбаевдин жакын туугандары сөөктү Кыргызстанга алып кетүү үчүн документтерди толтуруп жатышат деп маалымдашты элчиликтен. Орусияда жыл башынан бери киши колдуу болуп 10 кыргызстандык каза тапты. (JTo)

XS
SM
MD
LG