Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

13:30 Жалалабаттын экс-губернатору С. Урманаев Аксы окуясы боюнча элдик сотко барууну чечти


Аксы окуясы боюнча айыпталып, Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу кесилген Султан Урманаев 17-маттагы элдик сотко бара турганын билдирди. Ага "Асаба" партиясынын төрагасы А.Бекназаровдон чакыруу түшкөн. "2002-жылы Боспиектеги кандуу жекшембиден кийин шейит кеткен балдардын үйлөрүнө барып, арбактарына куран окутуп, ата-энелерине колумдан келген жардамдарымды берип келгем. Акс окуясында айыбым болбогондон кийин кайсы учурда болсо да ал жакка баруудан качпаймын. Мага чыгарган аскер сотунун өкүмүн жокко чыгаруу учун ушу тапта доо арыз даярдап жатам. Ушул жумада аны республикалык аскер сотуна жолдошубуз мүмкүн" деп айтты Султан Урманаев “Азаттыкка”. (YA)

XS
SM
MD
LG