Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Аба ырайы: 13-мартта Кыргызстанда таңга маал жана түнкүсүн жамгыр жаайт


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 13-мартта Кыргызстанда таңга маал жана түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14 градус болот.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7 градус.
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5 градус.
Борборубуз Бишкекте таңга маал жана түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +13…+15 градус болот.

XS
SM
MD
LG