Баткен районуна караштуу Карабак айылынын тургуну Пирмамат Төлөмүшовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, анын ири мүйүздүү 25 малы шарп ылаңы менен кеселдеп, бирөөсү өлгөн. Ошондой эле Карабак айылынын 10 чакты тургундарынын бодо малдары шарп ылаңы менен кеселдегени айтылууда.
Ошол эле маалда Баткен облустук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Эркин Таштанов "Азаттыкка" Баткен району боюнча бир дагы малда шарп ылаңы каттала элек деп жооп берди. Облустук акимчиликтен болсо учурда шарп ылаңына каршы эмдөө жүрүп жатканын гана маалымдашты. (SA)