Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

08:15 Карачайлардын «Атажурт» ассоциациясы 15-мартка белгиленген митингди өткөрүүдөн баш тартты


Алар ассоциациянын президенти Исмаил Кочкаровду колдоо максатында Максим Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрөбүз деп мэриядан уруксат сурап кайрылган эле. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, карачайлар ассоциациясынын митинг өткөрүү демилгесинен баш тартышы оппозициялык күчтөр бул чараны өздөрүнүн саясий максаттарына колдонот деген кооптонууга байланыштуу болду. Карачайлар диаспорасынын жетекчиси Исмаил Кочкаровго “алдамчылык” кылган деген шек менен козголгон кылмыш иши токтотулган болчу. Бирок үстүбүздөгү жылдын февраль айында кылмыш иши кайрадан козголуп, ал камакка алынган.(MSu)

XS
SM
MD
LG