Министрликтин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин «Азаттыкка» билидиргенине караганда, учурда министрликтин 70 пайызы көчүрүлдү. Эртең министрликтин көчө турган кызматкерлеринин дагы бир тобу Ошко жөнөп кетет. Министрдин айтымында, кызматкерлер үчүн алтымыш квартиралуу кабат үйдүн курулушу эки-үч күндүн ичинде башталат. Бардыгы болуп Ош шаарына министрликтин жүзгө жакын кызматкери көчөт. Борбордук аппараттын 52 кызматкери, министрдин бир орун басары Бишкекте иш алып барат. (MSu)