«Атуулдар коррупцияга каршы», «Кылым шамы», «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы жана башка уюмдар АКШнын бийлигине, Кыргыз президентине жолдогон кайрылууда Кыргызстандын бул программага кирүүсүнө даяр эместиги белгиленген. Бул тууралуу укук коргоочулар бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын пикиринде, өлкөдө демократия принциптеринен артка кетүү, Кумтөр өңдүү ишканаларда жабыктык, шайлоодо мыйзам бузуулар орун алууда. Мындай шартта Кыргызстандын «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасына кирүүсү эрте.(AiT)
12:21 Укук коргоочулар «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасына Кыргызстанды киргизбей турууга үндөшөт