Бул тууралуу "Азаттыкка" кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук диспансердин мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Бусадат Жусубалиева маалымдады. Cоңку жылдары кургак учук оорусун жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгүн эмгек мигранттары түзүүдө. Учурда кургак учукту жаңыдан жуктуруп алгандар үчүн дарылоо DOTS программасынын негизинде бекер жүргүзүлүүдө. (SA)