Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

18:11 Ысыккөлдө быйыл дан эгиндери 100 миң гектар жерге себилет


Бирок үрөндүн тартыштыгы байкалууда. Дан азыктарынын кымбатташы менен быйыл көлдүктөр өткөн жылдан 4 жарым миң гектарга көп дан эгин айдаганы турат. Ал үчүн 100 миң гектар жер даярдалып бүткөнү менен өкмөттүк комиссия бөлгөн 220 тонна үрөндүн 60 тоннасы гана келди. “Элита” жана “Супер элита” сортун үрөнчүлүк чарбалардан алуу дагы пландалганы менен, ал дагы чечиле элек. Облустук айыл чарба башкармасы Жолдошбек Байсеитовдун айтуусунда, беш жүздөн миң тоннага чейинки үрөндү сырттан алып келүүгө туура келет. Облус сураган 1600 тонна күйүүчү май дагы мөөнөтүнөн кечигип атат. Ал дыйкандарга 10-мартта эле 20 сом 50 тыйындан берилмек. Жазгы айдоо иштерине учурда техниканын 65 пайызы даяр болду. (RB)

XS
SM
MD
LG