ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

Серб президенти парламентти таркатуу тууралуу чечим кабыл алды

Сербиянын президенти Борис Тадич парламентти таркатып, 11-майда мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. 8-март күнү премьер-министр Воислав Коштуница анын коалициялык өкмөтү Косовонун көз карандысыздыгы, ага байланыштуу Сербиянын Евросоюз менен мамилелери маселелеринде орток пикир таба албай, кыйраганын жарыялаган эле.
​
XS
SM
MD
LG