Министрликтин белгилешинче, кабыл алып, бөлүштүрүүчү жайында мыйзам бузуулар орун алып, ага тартип сакчылары өздөрү себепкер деген билдирүүлөр далилсиз. Белгилүү болгондой, «Кылым шамы» бейөкмөт уюму Бишкек шаардык кабыл алып, бөлүштүрүүчү жайында одоно мыйзам бузуулар катталганын айтып, аны жабуу талабы менен чыккан.(MSu)