Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

10:10 Бишкек мэриясы элдик курултай өткөрүүгө уруксат берген жок


Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. «Акыйкат үчүн» кыймылы Коомдук парламент менен бирге 29-апрелде Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта элдик курултай өткөрүү боюнча буга чейин мэрияга кайрылган эле. Буга байланыштуу мэрия Бишкек шаарында мындай иш чараларды өткөрүү шаар кеңештин 5-декабрда кабыл алган токтомуна ылайык жүргүзүлөөрүн, анда иш чараны өткөрүү убактысы, жайы жана катышуучулардын болжолдуу саны, уюштурган тарап коомдук тартипти сактоо милдетин алуусу жана уюштуруучулардын дареги, байланыш телефондору так көрсөтүлүүсү зарылдыгы белгиленгенин эске салат. Аталган кыймылдын кайрылуусунда бул эреже сакталбай, уюштуруучулардын дареги, байланыш телефондору көрсөтүлбөгөндүктөн уруксат берилген жок, деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле юстиция министрлигине кайрылуу бул уюмдардын катталбаганын көрсөткөнү белгиленген.(SM)

XS
SM
MD
LG