Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

11:02 Парламент адам сатууга каршы күрөш боюнча КМШ мамлекеттеринин программасын жактырды


Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза программа КМШ мамлекеттеринин ортосунда бул багыттагы кызматташтыкты өркүндөтүү максатын көздөйт. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанда адам сатууга байланышкан 34 кылмыш катталган жана бул иштер боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылган. Суроо-жооп учурунда депутат Ибрагим Жунусов башкы прокуратура бул маселеде биринчи кезекте адамдарды алдап, кулчулукка кириптер кылчу кызматтарды сунуштап жаткандар менен күрөшүү керектигин белгиледи. Төрага орун басары Кубанычбек Исабеков болсо кыргызстан акыркы жылдарда бул маселеде транзиттик мамлекетке да айланып баратканын, бирок күч органдары ага маани бербей жатканын айтты.(SM)

XS
SM
MD
LG