Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:38

13:50 Элдик курултай ар кандай тоскоолдуктарга карабай өткөрүлөт


Бул тууралуу «Азаттыкка» «Акыйкат үчүн» кыймылынын координациялык кеңешинин жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, Бишкек мэриясынын ага уруксат берүүдөн баш тартышы жөн гана шылтоо, билдирүүдө уюштуруучулардын дареги, байланыш телефондору көрсөтүлгөн. Бүгүн эртең менен шаар бийлиги аталган кыймылдын элдик курултайга уруксат суроосун уюштуруучулардын дареги көрсөтүлбөгөнүнө негиздеп, четке какканын кабарлаган. Ошол эле учурда «Акыйкат үчүн» кыймылынан элдик курултай өткөрүү жарандардын конституциялык укугу экенин билдиришүүдө. Былтыр декабрдагы кабыл алынган баш мыйзамдын жаңы редакциясынын 23-беренесинде «Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин маселелери, дагы башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый ыйык салты болуп саналган элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет» деп жазылып турат.(SM)

XS
SM
MD
LG