«Акыйкат үчүн» кыймылы жер-жерлерде элдик курултай өткөрүүнү баштап, бүгүн анын алгачкысын Нарын облусунда өткөрдү. Бирок жыйынды Нарын шаарындагы «Соңкөл» жаштар сарайында өткөрүү алдын-ала макулдашылып, ижара акысы төлөнгөнүнө карабай, ага уруксат берилген жок. Мындан улам курултай аталган жаштар сарайынын алдында өткөрүлдү. Анда «Акыйкат үчүн» кыймылынын координациялык кеңешинин жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов, Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев жана аталган кыймылдын өкүлү Накен Касиев чогулган элге өлкөдөгү коомдук-саясий абал, аталган кыймылдын жана коомдук парламенттин түзүлүшү тууралуу маалымат беришти. Жыйын соңунда 29-мартка белгиленген жалпы элдик курултайга облустан 107 делегат шайланды.(SM)