Ырасмий маалыматтар боюнча бала бакчага Кыргызстандагы жалпы балдардын он гана пайызы барат. Айыл жергесине 3-4 гана пайыз туура келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова менен Улуттар Уюмунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Тим Шафтердин кечээки жолугушуусунда айтылды. Анда ЮНИСЕФ жана Азия Өнүгүү Банкынын колдоосу менен альтеранативдик мектепке чейинки мекемелер ачылып жаткандыгы маалым болуп, балдардын бакчаларда тарбияланып билим алышына биринчи кезекте жергиликтүү коомчулук кызыкдар болушу керектиги белгиленди. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарланды.(EBM)