Сенегал өлкөсүндөгү Дакар шаарында Ислам Конференциясы Уюмунун 11-саммити кечээ башталган. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри баштаган топ катышууда. Анда аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн бир катар көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүүгө багытталган он жылдык программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин жыйынтыгын чыгаруу күтүлүүдө. Мындан сырткары ИКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышуулар да болот. Жыйын бүгүн соңуна чыгат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)