Нарын шаарындагы Соңкөл жаштар сарайынын кире беришинде болуп өткөн жыйындын ишине «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов, өлкөдөгү Коомдук парламенттин жетекчиси Абдыганы Эркебаев жана «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Накен Касиев катышышты. Бул имарат үчүн ижара акысы төлөнгөндүгүн, бирок жыйынды ичкериге өткөрүүгө жергиликтүү бийлик бут тоскондугун Аликбек Жекшенкулов белгилей кетти. Чыгып сүйлөгөндөр электр энергияны менчиктөөгө жол бербөөгө айрыкча басым жасашып, азык-түлүктүн кымбатташына, жөлөк пул каражаттын кыскарышына нааразычылыктарын билдиришти. Жыйын соңунда Нарын облусунан 29-мартта өтүшү күтүлүп жаткан Республикалык Элдик курултайга 107 делегат шайланды. Ал эми Нарын шаарынын мэри Бейшенаалы Боогачиев мындай жыйындын болору тууралуу мурда кийин эч кандай маалымат түшпөгөндүгүн билдирди. (KuS)