Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 14-мартта “Азаттыкка” маалымдашты. Расмий булактын айтуусуна караганда, Равшан Гапировго калк арасында диний кырдаалды козутканга жардамдашкан деген айып тагылууда. “Кут” партиясынын түштүктөгү лидери Аманбай Сатыбаев, укук коргоочу Гапировдун камалышы саясий буюртма, анын артында таасирлүү адамдар турушат, ушинтип башка бей өкмөтчүл уюмдарга кыр көрсөтүү аракети башталды, деп эсептейт. (АТо)