Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

18:15 Бакайата районунда болгон селден жабыркаган үйлөрдүн саны аныкталды


1-мартта каптаган селден Өзгөрүш айылынын жети там толугу менен жашаганга мүмкүн эмес деген маалыматты комиссиянын бир мүчөсү, облустук өзгөчө кырдаалдар башкарманын жетекчиси Жамбул Жумагулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, күн жылыган сайын тамдарда жаңы жаракалар пайда болгондуктан май айында дагы текшерүү болот. Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан бир тонна 300 литр солярка айылдагы көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, каналдарды кеңейтүү үчүн жумшалганын жана Өзгөрүш айыл өкмөтү бул кырдаалга 20 миң сом кошконун Жумагулов өз сөзүндө кошумчалап кетти. (UA)

XS
SM
MD
LG