Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

18:30 Укук коргоочулар “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын аткарылышына көз салат


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Памела Спратлен бүгүн Бишкекте айрым жергиликтүү укук коргоочулар менен жолугуп, аталган программага Кыргызстанды кошуу иш-аракеттери жарандык коом өкүлдөрү берген баага да ылайык болоорун белгилеген. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Бир катар укук коргоочулар АКШ өкмөтүнөн Кыргызстан менен программа боюнча келишимге кол коюуну токтото турууну өтүнүшкөн. Укук коргоочулар муну өлкө ал прогарммада көрсөтүлгөн принциптерден тайып, укук бузулган көрүнүштөр арбып кеткендиги менен түшүндүрүшкөн. Памела айым программа жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусуз эч ийгиликке жетпесин белгилеп, укук коргоочулардын кыргыз бийлигине карата айткан айрым дооматтары менен макул болгон. “Миң жылдыктын чакырыктары” босого программасынын биринчи этабы эки жылдын ичинде ишке ашаарын, ушундан улам укук коргоочуларды катышуусун өтүнүп, андан кийинки каржылоо жарандык коомдун өкүлдөрүнүн баасынан кийин гана уланаарын айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG