Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

11:00 К. Исабеков Монголиядагы жана АКШдагы Кыргызстандын акцияларын жеринде тактайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрага орун басары «Азаттыктын» «Бетме-бет» талкуусунун учурунда билдирди. Исабековдун айтымында, ал 5-апрелге чейин Монголиянын, Боро, Каардсурд, АКШнын Невада штатындагы Рэн алтын кендеринин акыбалы менен жеринде таанышып келүүнү көздөөдө. Канадалык алтын иштетүүчү ишкана түзгөн «Сентерра голд» компаниясынын тутумуна Монголиядагы, АКШдагы алтын кендери жана Кыргызстандын Кумтөр алтын кени кирет. Компанияга башкы кирешени Кумтөр кени берип жатат деп санаган депутат 33% акциянын Кыргызстанга ыйгарылышына макул эмес. Канада менен Кыргызстан 30-августта жаңы макулдашуу кабыл алган, бирок аны «быша» элек деп, парламент ратификациялай элек. Буга байланыштуу Кыргызстандын демилгеси менен макулдашууну ишке киргизүү мөөнөтү 5-апрелге чейин узартылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG