Бул тууралуу армян тышкы иштер министри Вардан Осканян билдирди. Анын айтымында, Тоолуу–Карабах жаңжаалын чечүү үчүн ортомчулук кылып келе жаткан Франция, Орусия, АКШ да ушундай жолугушуунун зарылдыгын билдирүүдө. Буга биринчи мүмкүнчүлүк НАТОнун келерки айда Бухаресте өтүүчү саммити учурунда болмокчу. Армениянын шайланган президенти Серж Саркисян кызматына келерки айдан тарта расмий киришет.
С.Саркисян Тоолуу–Карабах маселесин талкуулоо үчүн Азербайжан президенти менен жолугууга даяр