Окуя жума күнү Косовонун этникалык жактан экиге болгон Митровица шаарында, ал жерге НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер келээрден бир нече саат мурда болду. БУУнун Косоводогу миссиясы сербдердин мындай аракетин айыптады. Кабарларга караганда, имаратка кол салгандардын көбү Митровица аймагынын мурдагы сот кызматкерлери. Алар - НАТО күчтөрү 1999-жылы Косоводон серб аскерлерин сүрүп чыгаргандан кийин жумушсуз калгандар. Түштөн кийин нааразылык билдирип келгендердин басымдуу бөлүгү ал жерден кетишти, бирок серб улутундагы кызматкерлер сот имаратынын ичинен чыгуудан баш тартууда. Косово Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан бери жергиликтүү сербдер буга нааразылык билдирип келүүдө.