Лхасада кытай бийликтеринин бул жердеги саясатына каршы өтүп жаткан нааразылык акциясы учурунда дүкөндөр менен автоунаалар демонстранттар тарабынан бүгүн өрттөлгөн. Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Тибеттин борборунда атышуулар орун алды, жаракат алгандар бар. Катталбаган кабарлар боюнча кеминде эки киши мерт болгон. Тибеттин сүргүндөгү рухий лидери Далай Лама кытай бийликтерин демонстранттарга каршы күч колдонбоого чакырды. АКШ, Еврошаркет, Британия Тибеттеги окуяларга тынчыздануу билдирип, тараптарды сабырдуулука үндөдү. Тибет башкаласында буддист кечилдердин нааразылык акциясы ушул дүйшөмбү күндөрү бери өтүп жаткан эле. Кабарларга караганда, эми аларга карапайым адамдар да кошулууда. Бул - Тибетте соңку жыйырма жылга жакын убакыттан бери орун алган эң ири нааразылык акциясы.