Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

14:32 Жогорку Кеңеш Улуу Үркүндү эскерүү күнүн белгилери күтүлүүдө


1916-жылкы кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук комитети 18-мартта талкуулаганы жатат. Депутат Бейшенбек Абдырасаков сунуштаган долбоордо экскерүү күнү катары август айынын алгачкы жума күнү сунушталган. Биринчи окулушунда депутаттар илимий негиз керек деп, долбоорду кошумча иштөөгө кайтарып беришкен. Падышалык Орусиянын запкысынан кыргыз эли 1916-жылы Кытайга качып, ал миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген.
2006-жылы августта «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы баштаган экспедиция чегара ашууларында өлгөн кыргыздардын сөөктөрүн чогултуп, куран окутуп кайтышкан. Улуу Үркүн трагедиясына алгачкы жолу Кыргызстан 1990-жылдардын башында кайрылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG