Парламенттин карамагындагы бул пансионаттын чарбалык ишмердигин иликтөө максатында төрага орун басары Азизабек Турсунбаев баштаган депутаттык комиссия түзүлдү. Парламенттин кечээки отурумунда төрага Адахан Мадумаровдун белгилегенине караганда, пансионатта мыйзам бузуулар арбын жана ал көптөгөн соттошуулар менен коштолушу мүмкүн. (BuS)