Бул күнү Эл аралык кардарлар уюму менен IOTF тобунун катышуусунда жер шарында балдарга сапатсыз тамак-ашты жайылтууну чектөө багытында талкуулар өтүп жатат. Жыл сайын Дүйнөлүк кардарлар укугу күнү «Өз укугуңду бил! Укуктарыңды колдон!» деген ураан алдында өтүп келет. Керектөөчүлөр өз укуктарын билүү үчүн буга байланыштуу дүйнө жүзүндө атайын өнөктүк өтүп жатат. “Көпчүлүк учурда керектөөчүлөр алган буюму тууралуу толук маалыматка ээ эмес, андыктан алардын маалымдуулугун жогорулатуу зарыл” деп айтылат Еврокомиссиянын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта. (ZMa)