Бүгүн Бишкекте «Ата Мекен» Социалисттик партиясынын аймактык конференциясы өттү. Жыйында күздө өтөөрү күтүлүп жаткан Бишкек шаардык кеңешке шайлоого даярдыктар талкууланды. Конференция 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары мыйзамсыз чыкты деген баасын берди. Мындан тышкары «атамекенчилер» Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалын талкуулашып, партиянын ишмердүүлүгүн арттырууга олуттуу салым кошкондорго грамоталар ыйгарылды. Конференцияга партиянын Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан өкүлдөрү, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Эркинбек Алымбеков баштаган лидерлери катышты. (BuS)