Алар 17-мартта Каражыгач айылында боло турган Элдик сотко катышат. Ал сотто 2002-жылы Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү аныктоого аракет жасалат. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын билдирүүсүнө караганда, укук коргоочулар Аксы окуясында жабырлангандардын коомдук жактоочулары катары сотко катышат. (AiT)