БУУнунун Айлана-чөйрө программасынын жаңы отчетунда көптөгөн мөңгүлөр тез арада жок болуп кетээри эскертилет. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы 30 мөңгүнү ченеп келген окумуштуулардын айтымында, мөңгүлөрдүн эриши 2006-жылы рекорддук чекке жеткен. Агенттик таза суу, сугат жана электр кубатын алууда дүйнөдө миллиондогон адамдар мөңгүлөргө көз каранды экендигин эскертүүдө.