Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

7:00 Аксы окуясы боюнча бүгүн элдик сот болот


Мындай иш чара Аксынын Каражыгач айылында өтмөкчү. Аксылык жабырлануучулар бул окуяга чыныгы күнөөлүүлөр ушул күнгө дейре аныкталбай, расмий түрдө укуктук баа берилбеген соң элдик сот аркылуу күнөөлүүлөрдү аныктоо менен алардын ысмын тарыхка калтырууну көздөшүүдө. Азимбек Бекназаров баштаган Революциялык комитет элдик сотту алып барчу соттордун курамын, айыптоочуларды, жактоочуларды жана айыпка шектелгендерди аныктаганы өткөн жуманын соңунда кабарланды. Кырктан ашуун адамдан турган айыпталуучулардын катарында мурдагы президент Аскар Акаев менен азыркы президент Курманбек Бакиевдин да ысымдары бар. Аксы окуясына бүгүн алты жыл толууда. 2002-жылдын 17-мартында ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, андан 6 адам курман болгону белгилүү.(SM)

XS
SM
MD
LG