Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Далай-Лама эл аралык коомчулукту Тибеттеги кан төгүүнү териштирүүгө чакырды


Тибеттин сүргүндөгү руханий лидери Далай-Лама эл аралык коомчулукту Тибеттин борборундагы кан төгүүнү териштирүүгө чакырды. Индиянын аймагынан иш алып барган Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү өткөн жума күнү Тибеттин борбору Лхаста Кытай бийликтерине каршы демонстрацияда кеминде 80 чакты адам мерт болгонун кабарлаган. Кытай бийликтери болсо бул толкундоодо 10 адам ажал тапканын билдирүүдө. Акыркы маалыматтарда жаңы толкундоолор кошуналаш Сычуань аймагына да жайыла баштаганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG