Жыйында патенттин негизинде жеке ишкерлердин юридикалык жана жеке тарапка кызмат көрсөтүүсү, товар жеткирүүсү, патент баасынын тартиби жана айкындыгы, көзөмөлдөөчү касса аппараттарын колдонууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча сөз жүрмөкчү. 18-мартта белгиленген бул иш-чара Эл аралык ишкерлер кеңеши менен Кыргызстандагы ишкерлер кошууну тарабынан уюштурулууда жана ага Салык инспекциясынын, Социалдык фонддун, Адилет министрлигинин, ишкерлер жамааттарынын жана ошондой эле соода жайлардын өкүлдөрү катышмакчы. (EBM)