Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:43

15:57 Өмүрбек Текебаев: Жаштардын кармалышы бийликтин жазгы чабуулунун башталышы


Мурунку депутат, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы мындай пикирин “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүн бүгүн милиция кармап кетип жатканда билдирди. Ө. Текебаев милициянын аракетин мыйзамсыз деп сыпаттап, жаштардын бошотулушу үчүн адвокат жалданып тез арада чара көрүлөөрүн айтты. Милиция “Ата Мекен” партиясынын бул нааразылык чарага аралашпаган мүчөсү Бакыт Калпетовду да күч органдарына каяша айтты деген кине менен салып кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG