Демилгечи топтун өкүлү Индира Казиеванын билдирүүсүнө караганда, министр Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган аялдарды кордоп, алардын Дордой базарындагы №2 Өрт өчүргүч бөлүктүн аймагында жайгашкан соода түйүндөрүн түнү менен бузуп жок кылаарын билдирген. Башкы прокуратура жана Биринчи май райондук сотуна жолдонгон арызда Ташиевди кылмыш жообуна тартуу жана аялдардын пайдасына 5 миллион сом өндүрүп берүү талабы коюлган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен соодагерлер тобунун ортосундагы чатак март айынын башында чыгып, министрлик №2 Өрт өчүргүч бөлүккө тиешелүү болгон жерди бошотуу талабын койгон. Өз кезегинде ишкерлер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү башкармалыгы менен жерди ижарага алуу боюнча 2016-жылга чейин түзүлгөн келишимди кармашып, сотко кайрылган. Бишкек шаардык райондор аралык соту ижарачылардын пайдасына маселени бүгүн чечти. (AiT)