Бул тууралуу Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын башчысы Уснидин Жарматов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Кадамжай шаарчасы Өзбекстандын Фергана облусуна жакын болгондуктан, учурда ал жактан 50 млн. имунноглобулин алынып келинген. Ошондой эле Баткен облустук санэпидкөзөмөл борборунан 30 куту кокав дарысы Кадамжайга жөнөтүлгөн. Окуяга байланыштуу Бишкектен Республикалык имунно борбордон имунноглобулин учак аркылуу алынып келиниши күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, бүгүн эртең менен Кадамжайдын Тамаша айылынын алты тургуну карышкырга таланып, райондук ооруканага жаткырылган болчу. (SA)