Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Москва облусунун Ивантеевка шаарында Таалайбек Койчуманов аттуу кыргыз жаранын белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Бул окуя өткөн ишембиге караган түнкү саат үчтөрдө болгон. Маалыматтарга караганда, ал бул учурда жашаган үйүнөн чыгып, түнкү нөөмөттөгү ишине жөнөгөн. Окуянын себептери азырынча белгисиз. Оштун Өзгөн районунда туулган 22 жаштагы Таалайбек Койчуманов Орусияга эки жумадай мурда эле барган экен. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү аракеттери көрүлүүдө. Бул Орусиядагы кыргыз жарандарын өлтүрүүгө байланышкан жыл башынан берки он биринчи окуя.(SM)