Бул Косово Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган бир айдан берки эң ири кыянатчылык болду. Тополоң полиция НАТО аскерлеринин колдоосунда жергиликтүү сербдер мындан үч күн мурда ээлеп алган сот имаратында көзөмөл орнотуп, ал жердегилерди сыртка чыгарган соң тутанган. Польша полициясынын өкүлү Мариуш Соколовски Косоводо жаракат алган БУУ полицейлеринин кеминде 27си поляктар экенин, алар таш, жасалма жардыргычтарды ыргытууга кабылганын билдирди. Украин ички иштер министри Юрий Луценко болсо Косоводогу кагылышта өлкөнүн тынчтык күчтөрүнүн 14 өкүлү жаракат алганын журналисттерге маалымдады.