Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:45

11:12 Кыргызстан эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

Москвада 15-марттан тарта өтүп жаткан ”Интурмаркет-2008” эл аралык көргөзмөгө 60 мамлекеттин туризм тармагынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чараны ачуу аземине Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров, туризм боюнча агенттиктин башчысы Турусбек Мамашев жана жергиликтүү туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө Кыргызстандын жаратылышын даңктаган журналдар, китепчелер, кийизден, териден жасалган буюм-тайымдар коюлган. Мындан тышкары “Кыргызстан-туризм өлкөсү” атту тасма көрсөтүлдү. Иш-чара бүгүн аяктайт.(AiJu)
XS
SM
MD
LG