Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити “Россиянын аскер деңиз флоту Ысыккөлдөгү жашыруун базада торпедолорун сынайт” деген макала басты. Буга карата оюн билдирген КР Коргоо министрлигинин аскердик-техникалык кызматташтык жана экономика башкармалыгынын жетекчиси полковник Марат Кенжисариев, Жети-Өгүздөгү бул база совет убагында деңиз куралдарын сыноо полигону болгонун, Россиянын бул базасы ошондон бери көл жээктен 52,5 гектар жерди убактылуу ээлеп келатканын, Россия келишимде көрсөтүлгөн 4,5 миллион долларды Кыргызстанга төлөбөгөнүн, ушу тапта орус тарапка дагы кошумча 2,5 гектар жер документтештирилип берилип атканын айтып, “Көлдүн алдындагы сыноолор эмне деген полигон? Анын экологияга, сууга, малга-жанга зыяны жокпу?” деген суроого полковник мырза бул деген аскердик жашыруун маалымат болгондуктан ачык айтылбайт деген жообун берген.
Ысыккөлдүн мурдагы губернатору Эсенгул Өмүралиев, аскер торпедолору мурдагы СССРдин эки жеринде: бири-Ысыккөлдө, бири-Ладога көлүндө сыналып келгенин, доор алмашканы менен ошол кездеги аскер база ошол бойдон калып, бүгүн деле торпедолор сыналып келатканын, өзү губернатор болуп турганда Россиянын бир адмиралы келип көл жээгинен 910 гектар жерди ижарага сураганын, сыналып келаткан куралдардын эч кандай зыяны жоктугун, анткени ал өзү да торпедо атканын, ММКлар аркылуу чуу кыла берүү Кыргызстанга зыяндан бөлөк пайда алып келбестигин, бирок бул маселени азыркы бийлик кандайча чечип аткандыгы жана Россия полигон үчүн ижара акы төлөйбү-төлөбөйбү, аны билбей тургандыгын айтып жооп берди.
“Кыргыз туусу” гезитинде Папан Дүйшөнбаевдин “Халва, халва деп канча айтсаң да таңдайың бал татыбайт же быйыл экономикабыз кайсыл вариантта өнүгөт” деген макаласы басылыптыр. Автор анысында 2008-жылы Кыргызстандын экономикасы базалык, пессимисттик жана оптимисттик деген үч сценарий менен өнүгүшү мүмкүн деген ойду чечмелеген.
“Аалам” гезити Ош базарын тартипке келтиребиз деген аракет менен жергиликтүү бийлик күнүмдүк оокатын кыла келген 700гө жакын соодагерди сыртка сүрүп таштап ишсиз калтырганын, ал ортодо шаар мэри Данияр Үсөнов өзүнүн кан досу Адахан Мадумаров экөө баш болуп, мэриянын жана парламенттин айрым кызматкерлерин төш кылып 40ка жакын киши “Эсен-эйр” авиакомпаниясынын учагын жалдап Дубайга барып туулган күндөрүн өткөрүп келгенин, өлкөнүн №1 адамы болгон Бакиев Германияда дарыланып жүрсө, №2 адамы Мадумаровдун Дубайда шапар тээп жүрушү акылга сыярлык иш эместигин белгилеп, карапайым калк кымбатчылыктан кыйналып турганда мындай опурталдуу жоруктарды жасап, мамлекет башындагы жетекчилер туш келди басып кете беришин кандай түшүнсөк болот деп жазды.
“Агым” гезити Кыргызстандагы социалдык теңсиздик жөнүндө сөз кылып, “Алдуубайлардын ак сарайы, шордуубайлардын жок сарайы” деген макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Анда мыйзамсыз жерге салынган үйлөр деп шаар бийлиги тарабынан түртүлүп салынган төмөнкү Ала Арча айылындагы Ак Босого жаңы конушу жагдайын баяндап, айрым тургундарын кепке тарткан.
Кубан аттуу жигит: -Былтыр 6 сотых жерди бирөөдөн 60 миң сомго сатып алып үй тургузгам. Орозо маалында салган үйүмдү түрттүрүп кетишти. 180 миң сом зыян тарттым. Бир тоок уурдагандыгы үчүн соттолуп кеткендер толтура. Ал эми миллиондордун башын жуткандар соттолбой-этпейле басып жүрбөйбү?
Кабыл Разаков аттуу дагы бир конуш тургуну:
-Болжол менен 1 миллион 800 миң сом чыгым болдук. Эми үйлөрүнөн айрылган адамдарды чогултуп атабыз, кайрадан үй салуу үчүн. Эгер дагы түрттүрчү болушса өлбөгөн жерде калабыз. Кокус ушул жерге байлардын особняктары салынган болсо эчким келип түрттүрө алмак эмес. Ушундай теңсиздик бизди өтө намыстантты. Өз жериңде жашап жүрүп өзүңдү 2-сорттогу адамдай сезип, укугуңдун тебеленгенине арданат экенсиң, - деп ызасы кайнап турганын билдирген экен.
Бишкектин Ата Түрк атындагы паркынан мыйзамсыз жер кестирип алып өздөрүнө кан сарайларды куруп салышкан, болгондо да карапайым калкка мыйзамдын алиппесин үйрөтүп, аны ыйык сактоо ар бир кыргыз жаранынын айныгыс милдети экенин мээсине өмүр бою куюп көнүшкөн Апас Жумагулов, Аманбек Карыпкулов, мамлекеттик мүлк комитетинин мурдагы да, кийинки да төрагасы Турсун Турдумамбетов, Жогорку Кеңштин вице-спикери Азиз Турсунбаев, мурдагы да, азыркы да депутаттар Арзыбек Бурканов, Рашид Тагаев, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, мурдагы депутат Сооронбай Жээнбеков, Юракадемиянын ректору Канат Керезбаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов өңдүү мыкчыгерлердин аттары аталган. “Агым” гезити кан сарайларды кайрадан козгоп, жогорудагы “үй-жайы жоктордун” ар бири Ата Түрк паркынан 10 сотыхтан жер алып особняктарды курушканын, биздин Кыргызстанда мыйзамды 1-кезекте бийликте олтургандар өзүлөрү бузушарын, мындагы мыйзамсыз үй курулуштарын атайын комиссия иликтеп чыккандан кийин гана бир чечим кабыл алынарын сөз кылып, бул балким 24-мартка карата калп эле калк көңүлүн алаксытуу, 24-март өткөндөн кийин кайрадан дайны чыкпай унутулуп калышы да мүмкүн деп жазды анын автору Аскер Сакыбаева.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ